Кечээ, 16-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүүчү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Өзгөн райондор аралык автоунаа каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо, сыноо бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну З.К. өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 5000 сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Аталган жарандын үстүнөн буга чейин Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 1956-жылы туулган М.Ж. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Арызда 13-декабрда өзүнө таандык УАЗ 31512 үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси D0948S автоунаасын өзүнүн наамына өткөрүү үчүн Өзгөн райондор аралык автоунаа каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо, сыноо бөлүмүнө барганда бөлүмдө иштеген З.К. аттуу кызматкер 5000 сом акча талап кылган.
Жүргүзүлгөн оперативдик ыкчам иш-аракеттердин негизинде кечээ, 16-декабрда саат 16:30 чамасында ал жаран кармалган. Учурда "опузалап пара талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.