Ал өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалын өткөрүүнүн маанисине токтолуп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Иш-чарада Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар көрөрмандардын назарына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан негизинде коюлган спектаклдерди сунуштайт.

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалындагы бардык спектаклдер 6 күн бою акысыз көрсөтүлүп, 12-декабрда салтанаттуу жыйынтыкталат.