Кечээ, 16-декабрда саат 17:30да Хонда Фит унаасын
башкарып бара жаткан 26 жаштагы аял Гагарин көчөсүндө жаш баланы сүзүп кеткен.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгынын
кесепетинен жаракат алган 7 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Автоунаа
айып төлөөчү жайга киргизилип, чогултулган материалдар Шаардык ички иштер башкы
башкармалыгына өткөрүлүп берилди.