Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары Сеулдагы телеканалдын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 13-декабрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары WBC телеканалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда жаштар компаниянын техникалык-материалдык базасы, эфирдик программалардын даярдалышын көрүштү.

Аталган телеканал 1969-жылы 8-августта алгачкы жолу обого чыккан. Учурда анын көрүүчүлөрү 2 миллиондон ашат. Телеканалдын өзгөчөлүгү улгайгандарга жана майыптыгы бар жарандарга арналган программаларга басым жасалгандыгында.

Мындан сырткары, жаңылыктар, көңүл ачуучу программалар, социалдык-экономикалык, айыл чарба багытындагы программалар даярдалып, 24 саат бою обого чыгат.

Эске салсак, кечээ “Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан 9-ирет уюштурулуп жаткан Глобалдык жаштар программасы башталды. Иш-чара 5 күнгө созулат.

Ага “Азия кайрымдуулук борборунун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев баш болгон Кыргызстандын лидер жаштарынан куралган делегация да катышууда.

Белгилүү болгондой, иш-чара Азия кайрымдуулук борбору (Asia charitу center) тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандан сырткары, Монголия, Таиланд, Филиппин жана Индонезиядан келген жаштар катышып жатат.

Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат. Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан