Бүгүн, 13-декабрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында Глобалдык жаштар программасынын 2-күнү жыйынтыкталды. Бул күнү катышуучулар калаадагы WBC телеканалы, өлкөдөгү алдыңкы кондитердик цехтердин бири жана корей кометикасын чыгарган заводго барышты.
“Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган иш-чара 9-ирет уюштурулуп жатат. Ага “Азия кайрымдуулук борборунун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев баш болгон Кыргызстандын лидер жаштарынан куралган делегация да катышууда.
Ошондой эле Монголия, Таиланд, Филиппин жана Индонезиянын өкүлдөрү да бар. Иш-чара 5 күнгө созулат.
Алгачкы күнүндө Кореянын тарыхы, экономикасы, маданияты тууралуу маалымат берилип, лидерлик сапат боюнча окутуулар өтүшкөн. Ал эми алдыдагы күндөрдө тажрыйба алмашуу менен бирге келген делегацияларда өз өлкөсүнүн маданиятын тааныштыруу мүмкүнчүлүгү да бар.
Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат. Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.