Бишкекте актёр Азиз Мурадилаевди эскерүү кечеси өтөт 

17-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда аталган театрдан билдиришти.

Эске салсак, Азиз Мурадилаев былтыр 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам көз жумган.

Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Өмүрүнүн соңуна чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан