Кыргыз жаштары Кореянын ири өндүрүш ишканалары менен таанышты 

Кечээ, 14-декабрда Сеул шаарында өтүп жаткан Глобалдык жаштар программасынын (9th Youth Global Leadership program) катышуучулары Кореянын ири өндүрүш ишканалары менен таанышты.

Алгач автоунаа чыгаруучу Hyundai Motor компаниясына барып, унааны чыгаруу процессин жеринде көрүштү.

Атай кетсек, Hyundai Motor компаниясы дүйнөдөгү автоунаа чыгарган ири компаниялардын бири. Анын тарыхы 1947-жылга барып такалат. Компаниянын башкы кеңсеси Сеул шаарында жайгашкан.

Аталган ишканада күнүнө 2 миңден ашуун унаа жасалат. Мында жумуштун 90 пайызын роботтор аткарат.

Андан соң, иш-чаранын катышуучулары калаадагы “Nongshim” тамак-аш өндүрүүчү компаниясына барышты. Анда корейлердин улуттук тамагы рамён, чипсы жана көп минералдарды камтыган ичүүчү суу өндүрүлөт. Ишкана продукция даярдоо үчүн айыл чарба продукцияларын дыйкандардан гана сатып алат. Компания дыйкандарды колдоо максатында түзүлгөн. Анын эмблемасы “Дыйкандын жүрөгү” деп аталат. Анда өндүрүлгөн продукция дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнө экспорттолот. Эң көп Кытайга жиберилет. Кореядан сырткары чет өлкөлөрдө да филиалдары бар.

Ушул эле күнү катышуучулар өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири Dongguk университетине да барышты. Анда окуу жайдын жетишкендиктери, жаңы инновациялык технологиялар боюнча маалымат берилип, тарыхы тааныштырылды. Окуу жай 1947-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Иш-чара бүгүн, 15-декабрда жыйынтакталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Эске салсак, иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору” тарабынан 9-ирет уюштурулуп жатат. Ага Кыргызстандан тышкары Таиланд, Монголия, Индонезия, Вьетнамдан келген жигердүү жаштар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан