Сеулда өтүп жаткан Глобалдык жаштар программасы жыйынтыкталды.
Окутуулар аяктаган соң уюштуруучулар тарабынан программанын ар бир катышуучусуна салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылды.
Сыйлоо аземине АСС'нин Кореядагы өкүлдөрү, аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев катышып, азем чакан концерттик программа менен коштолду.
Белгилүү болгондой, иш-чара Азия кайрымдуулук борбору (Asia charitу center) тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандан сырткары, Монголия, Таиланд, Вьетнам жана Индонезиядан келген жаштар катышты.
Иш-чара 5 күнгө созулуп, анын алкагында катышуучулар Кореянын тарыхы, экономикасы, маданияты тууралуу маалымат алышты. Мындан сырткары тажрыйба алмашуу менен бирге келген делегациялар өз өлкөсүнүн маданиятын тааныштырууга да жетишишти.
Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат. Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.