Блогер, актёр Бектур Усенов атасына жаңы автоунаа белек кылды. Бул тууралуу ал инстаграм баракчасына видео жарыялаган.
"Атамдын унаасы акыркы күндөрү улам бузулуп калып жаткан. Өткөн аптадагы катуу суукта дагы бузулуп калгандыктан келинчегим Айзат экөөбүз кеңешип жаңы унаа белек кылалы дедик" дейт актёр Бектур Усенов.
Маалым болгондой, алар атасына акыркы үлгүдөгү КиаРио автоунаасын белек кылышкан.