"Кыргыз күүсү жаңырып...". Сеулда Кыргыз маданияты тааныштырылды (видео) 

Түштүк Кореянын Сеул шаарында "Азия кайрымдуулук борбору" тарабынан уюштурулган 9-Глобалдык жаштар программасынын алкагында Кыргыз жаштары Кыргызстан тууралуу маалымат беришти.

Анда биздин өлкө тууралуу атайын видео тасма тартууланып, Кыргыз маданияты тааныштырылды. Ошол эле учурда Кыргыз күүсү жаңырып, Кыргыз ырлары катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Мындан сырткары Монголия, Индонезия, Таиланд, Вьетнамдан келген жаштар да өз өлкөлөрүнүн маданиятын таанытты.

Эскерте кестек, Глобалдык жаштар программасы 11-16-декабрь күндөрү Сеул шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан 12 жигердүү жаштар катышып, лидерлик боюнча билимин жогорулатып келишти. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар берилди.

Эгерде сиз дагы аталган программа аркылуу Сеулга барууну кааласаңыз, бул шилтеме аркылуу кирип толугураак маалымат алсаңыз болот.

Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат. Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

"Кыргыз күүсү жаңырып...". Сеулда Кыргыз маданияты тааныштырылды
"Кыргыз күүсү жаңырып...". Сеулда Кыргыз маданияты тааныштырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан