Кыргыз жаштары Кореяда чай ичүү аземине катышты (видео)

Чай ичүү аземи — Кореяда миң жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келе жатат. Корей чай ичүү аземинин негизги элементи - бул расмий шарттарда чайдан ырахат алуунун жеңилдиги жана табигыйлыгы.

Бүгүнкү күндө Кореядагы чай аземи – бул көп жылдык салттарды улантуу менен, тез өнүгүп жаткан жаңы корей маданиятында эс алуу жана гармония табуу жолу.

Коноктор жапыз үстөлдүн тегерегине отурушат, аны чай устасы жетектеп, аземди башынан аягына чейин өз алдынча жүргүзөт. Анда капкагы бар атайын чопо идиште, бир нече чайнектер жана чынылардын топтому болот. Коноктор жок болгондо идиш-аяктарды чаңдан сактоо үчүн үстөлдүн үстү кара чүпүрөк менен жабылат.

Чай берүү аземи сиз каалаганча созулушу мүмкүн, эч кандай чектөөлөр жок. Чай менен түрдүү таттуулар да берилет. Салтанаттын аягында коноктор жүгүнүү менен үй ээсине ыраазычылыктарын билдиришет.

Мына ушундай иш-чарага Сеулдагы Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары да катышты.

Эске салсак, 11-16-декабрь күндөрү Сеул шаарында 9-Глобалдык жаштар программасы өттү. Анда катышуучулар лидерлик сапатын арттыруу менен, Кореянын тарыхы, маданияты менен да таанышышты. Мындан сырткары, ар бир делегация өз өлкөсү тууралуу маалымат берип, маданиятын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кыргызстандан барган 12 катышуучу да иш-чарага жигердүү катышты. Сеулда Кыргыз маданиятын чагылдырып, программанын жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

Иш-чара келерки жылы да уюштурулат. Эгерде катышууну самасаңыз бул шилтеме аркылуу кирип толугураак маалымат алсаңыз болот.

Кыргыз жаштары Кореяда чай ичүү аземине катышышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан