"Бул шаарда ар бир мүнөтүң акча...". Кореяда окуп, эмгектенген Эржан менен маек 

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Кореяда окуп, эмгектенип жаткан мекендешибиз Эржан Кубанычбек уулу болмокчу.

Эржан 2002-жылы Ноокат районунун Жатан айылында төрөлгөн. Азыркы учурда Кореянын Сеул шаарында окуп, эмгектенип жүрөт.



- Эржан, саламатсызбы? Бул чыгыштагы жарым арал өлкөсү сизди эмнеси менен тартты?

- Саламатсызбы. Менин бул өлкөгө кызыгуум корей киносунан улам пайда болду. Анткени мектепте окуп жүргөндө эле корей дорамаларын көп көрчүмүн.

- Ошондо сиз дорамалары аркылуу корей тилин үйрөндүңүзбү?

- Жок. Мен Кыргызстанда жүргөндө корей тилин такыр билчү эмесмин. Мектепти аяктагандан кийин эле компаниялардын бири аркылуу Кореянын Hanbat жогорку окуу жайынын тил курсуна тапшырып, бул жакка келдим. Окуу башынан аяк корей тилинде болчу. Бирок кыйналсам дагы 1 жыл ичинде тилди толук өздөштүрүп жетиштим. Азыркы учурда Baekseok университетинде 2-курста окуйм. Келгениме 3 жыл болду.

- Башында бир топ эле кыйынчылыктар болгон экен да...

- Албетте, кыйынчылыктар болбой койбойт. Мен үчүн адаптация болуу дагы оорго турган. Ачуу тамактар, деңиз эттери жана өтө нымдуу аба ырайы көнүшүмө чынында кыйынчылык жаратты. Ошондой эле жаңы келгенде корей тилин билбегендиктен оор жумуштарда иштеп жүрдүм. Тактап айтканда, тилди талап кылбаган завод, курулуш иштери, жүк ташуу өңдүү. Иштеген акчаларымды ала албай корейлерге алданган учурларым дагы болгон.



- Азыр кайда турасыз? Окуудан тышкары эмне менен алексиз?

- Азыр Сеул шаарында турам. Бул шаар кымбат десем болот. Бирок иштесең айлыгы абдан жакшы. Мен окуудан тышкары дүкөндө сатуучу болуп иштейм. Саатына 8 доллардан беришет. Мындан тышкары Кореяга келген мекендештериме, орус улутундагыларга экскурсия кылып акча табам.

- Сеул кымбат шаар деп калдыңыз, жашоо-шарты кандай?

- Шаар калкы аябай көп болгондуктан жыш жайгашкан. Батирлери бир бөлмөлүү келип, бардык шарты ошонун ичинде жана кымбат болот. Ошондуктан жалгыз турам. Бирок айлыгы абдан жакшы. Тапкан акчаң кенен жетип, ашып деле калат. Мага өзгөчө коопсуздугу жагат. Бул шаарда коопсуздук үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Коомдук транспорттордун ыңгайлуулугун айтып бүтө албайсың. Кыскасы, адамдардын жашоо-шартына бардыгы ыңгайлашып жасалган.

- Сиз үчүн шаардын жакпаган жактары жок?

- Ооба. Болгону бул шаарда ар бир мүнөтүң акча болгондуктан эс алганга убактың болбойт. Убакыт тардай сезилет. Иштебесең ачка каласың дегендей. Анткени корейлердин өзүлөрү дагы абдан эмгекчил. Бул бир топ эле кыргыз туугандарыма жакпайт.



- Сеулдан башка дагы кайсы жерлеринде болдуңуз?

- Кореянын 60 пайызын көрдүм десем болот. Бардык аймагынын өзүнүн өзгөчөлүгү, кооздугу бар. Айрыкча Чеджудо аралы жагат. Ал жерге барсаң башка өлкөгө баргандай эле эс аласың. Себеби диалектилик чоң айырма болгондуктан Сеул, пусандык корейлер буларды түшүнүшпөйт. Анан дагы аралдын байыркы жайлары, маданияты тартып турат.

- Ал жакта окуп жүрөсүз, корейлердин билимге деген мамилелери кандай экен?

- Мыкты десем болот. Бул жакта атаандашып окушат. Орто мектепти окуп жатканда эле 1-орун, 2-орун деп бөлүп баалагандыктан окуучулар арасында атаандаштык күчтүү. Жогорку окуу жайда деле ушундай түзүлүш бар. Окуудан тышкары кечке чейин китепканаларда көп отурушат. Китепканадан орун алыш үчүн кезекке турушуң керек. Үйүнө барбай күнүн китепканадан өткөргөндөр дагы бар.

- Жетишкен ийгиликтериңиз тууралуу кеп кылбайсызбы?

- Бардык иштерге активдүү катышып турам. Корейлерге кыргыз маданиятын таанытыш үчүн дагы аракеттерди көрүп келем. Бул эмгегим үчүн Кыргызстандын элчилигинин Ардак грамотасын алгам. Дагы да алдыда чоң максаттарым бар.



- Ал жакта мекендештерибиздин ынтымагы жакшы болсо керек?

- Туура айтасыз, бири-бирибизге болгон жардамды аябайбыз. Кабар алып, байланышып ортобуздагы ынтымагыбызды күчөтүп турабыз десем дагы болот. Кыргыз студенттеринин башын бириктирген ассоциация дагы бар. Ошондой эле эмгектенип жүргөн кыргыздар болуп боз үй тигип, улуттук оюндарыбызды ойноп, тамактарыбызды жасап сонун өткөргөн убакыттарыбыз көп эле болот. Өз ара футбол ойноп дагы турабыз.

- Өлкөгө качан кайтууну пландап турасыз?

- Мага жаккан суроо эми болду окшойт (күлүп). Мен Кыргызстанымды сүйөм жана сөзсүз сүйүүмө жетип барууга ашыкмын. Менин эң башкы максатым дагы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымымды кошуу. Бул жактан алган билимимди, тажрыйбамды өз жеримде колдонгум келет. Буюрса, 2 жылдан кийин окумду аяктаганда Кыргызстанга барам деген планым бар. Ошондой эле мекендештеримди дагы бул жакка окууга чакырат элем. Сапаттуу билим алуу бул мыкты келечегибиз болуп бере алат. Билимдүү жаштардын өсүшү өлкөбүз үчүн дагы жакшы.


- Кыргыздын сиздей билимдүү, өжөр уулдары көп болсун. Окууларыңызга жана ишиңизге ийгилик.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан