"Кызым чоңоюп калыптыр". Ырчы Малика-Дина Акулова 28 жашка толду

Бүгүн, 19-декабрда эстрада ырчысы Малика-Дина Акулова туулган күнүн белгилөөдө. Ал өздүк майрамынын урматына кызы Айгүндөн жумшак оюнчук белекке алды. Ошондой эле андан жүрөк жибиткен билдирүү келгенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Кызым чоңоюп калыптыр. Өзү акча чогултуп, белек берди. Бул мен үчүн баа жеткис белек", - деди Малика-Дина.

5 жашынан бери сахнада жүргөн Малика Дина 1995-жылы дал ушул күнү Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №67 мектепти бүтүргөндөн кийин АКШдагы Voice academy музыкалык окуу жайында вокал боюнча билим алган.

Кыргыз элине "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" жана башка ырлары менен таанымал.

Белгилей кетсек, Малика Дина 2014-жылы турмушка чыккан. Кийин ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн.

Эл артисти Динара Акулованын эрке кызы учурда өзү Айгүн аттуу бир кыздын энеси. Малика Дина кызынын атасы менен жакшы мамиледе экенин айтып, коомчулукка жарыялаган. "Экөөбүз жакшы мамиледебиз. Бизди ортобуздагы кызыбыздан башка эч нерсе байланыштырбайт. Ата-энелердин мамилеси өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө таасир этет. Мен кызыбыздын бизди жакшы мамиледе болгонубузду көрүшүн каалайм. Ал учурда бойдок. Мен ага чын жүрөктөн бакыт каалайм", - деген ал.

Ошондой эле Малика-Дина быйыл концертинде жакында атасынын фамилиясына өтөрүн тагыраагы, Шерматова болорун билдирген.

"Учурдан пайдаланып айтып калайынчы, жакында эле апам мага "Кызым, фамилияң атаңдыкы болбосо сен ата-тегиңден бата ала албайт экенсиң" деди. Ошондуктан жакында мен Шерматова Малика болом", - деген ырчы.

Эске салсак, 2021-жылы Малика-Дина Өзгөн районунун Куршаб айылына барып, бир туугандары менен жакындан таанышкан. Атасы Абдумалик Шерматов 20 жылдан кийинки жолугушууну баяндаган видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган жана кызына ыраазычылыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан