Мамлекеттик тууну көк түскө өзгөртүү сунушу четке кагылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.
Аталган комитет бүгүн мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо. Анда Султанбекова экинчи окууга бир катар депутаттардан түзөтүүлөр келип түшкөнүн айтты.
"Жаныбек Кыдыкбаевден мыйзам долбоорун референдумга чыгаруу же Элдик курултайдын кароосуна киргизүү үчүн анын кароону токтотуп туруу жөнүндө сунуш келип түшкөн, ал комитет тарабынан эске алынды. Арсланбек Малиевден бир сунуш түшкөн, ал мыйзам долбоорунун концепциясынан сыртка чыккандыгына байланыштуу четке кагууну сунуштап жатабыз", - деди ал.
Буга чейин 29-ноябрда аталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда депутат Малиев туунун түсүн көк түскө алмаштырууну сунуштаган.