Ырчы Мирбек Атабеков Казакстанда "Орто Азия жылдызы" номинациясын жеңди. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 19-декабрда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Казак элине чоң рахмат! Кечээ, 18-декабрда "Орто Азия жылдызы" наамына ээ болдум", - деп жазды ал.
Ошондой эле ал видеодо мындай номинацияны Кыргызстанда да албаганын билдирди.