КМШ тасмаларынын алтын коллекциясына Кыргызстандан он тасма кирди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин Telegram-каналында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, долбоор КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин колдоосу менен кинематография тармагында кызматташуу боюнча 1995-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде түзүлгөн.
Максаты – заманбап аудиторияны Шериктештик өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын классикасы менен, анын ичинде кинофестивалдар жана башка иш-чаралар аркылуу тааныштыруу.
"Алтын коллекция" КМШнын сегиз өлкөсүнөн (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан) 89 тасманы камтыйт.
Алтын коллекцияга кыргыз кинорежиссёрлорунун он тасмасы кирет:
"Татаал ашуу" (1964);
"Биринчи мугалим" (1965);
"Биздин балалыктын асманы" (1966);
"Саманчынын жолу" (1967);
"Караш ашуусунда атылган ок" (1968);
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" (1971);
"Уркуя" (Отко таазим) (1972);
"Кызыл алма" (1975);
"Ак кеме" (1975);
"Кожожаш" (Ак илбирстин тукуму) (1983).