Кыргыз-өзбек алакасына 30 жыл. Ташкентте маданий иш-чара өттү (фото)

Ташкент шаарында кыргыз-өзбек дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, “Туркистон” искусство сарайында өткөн иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бахтиёр Саидов, маданият министри Алтынбек Максутов, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиканов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Өзбекстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, чакырылган меймандар жана мекендештер катышты.

Белгилүү болгондой, аталган маданият майрамын өткөрүү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашылган.

Иш-чаранын катышуучулары тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары биримдиктин маанилүү компоненти болуп каларын, ага жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин, эки элдин казынасында көптөгөн ойчулдардын, акындардын жана жазуучулардын чыгармалары сакталгандыгы ага негиз болуп саналарын баса белгилешти.

Салтанат кыргыздын искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолду.

Кошумчалангандай, аталган иш-чара Кыргыстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан