ААК "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" MBANK Бириккен Араб Эмираттарынын алдыңкы банктары – Abu Dhabi Islamic Bank жана Mashreq Bank менен дирхамда түз корреспонденттик эсептерди ачууну кубаныч менен билдирет.
Бул кызматташуу банктын ишмердүүлүгүнө комплекстүү аудит жүргүзүүнүн натыйжасында мүмкүн болду жана ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш банк катары тандоосун көрсөтөт.
"БАЭ дирхамынын жаңы эсептери биздин кардарларыбызга төлөм географиясын кеңейтүүгө жана валютаны конвертациялоо үчүн кошумча альтернативаларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Кардарга багытталган баалуулукка таянуу менен, биз кардарларыбыздын жогорку ишенимин актап, дүйнө жүзү боюнча өнөктөш банктардын тармагын кеңейтүүнү улантабыз", - деп белгилейт ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» Башкармалыгынын төрагасы Бектур Алиев .
Жаңы мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн сизге төмөнкүлөр керек: