Жусупбек Коргонбай уулу сотторду тандоочу кеңешке мүчө болуп шайланды

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке мүчө болуп шайланды.
Жогорку Кеңештин квотасы менен бөлүнчү кызматка Мейкинбек Абдалиев экөө талапкер болду. Добуш берүү жабык өтүп, натыйжада 71 депутаттын добушу менен Коргонбай уулу утуп чыкты. Ал кесиптештерине ишеничи үчүн ыраазылыгын билдирип, мекен, адилеттик жана акыйкаттык үчүн салым кошууга даяр экенин айтты
Буга чейин аталган кеңеште депутат Русланбек Жакышев мүчө болчу. Ал 13-декабрда өз ыктыяры менен кеткени маалым болду.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын конкурс аркылуу тандайт. Андан өткөн талапкерлер президентке сунушталат.
Кеңеш 12 мүчөдөн турат, анын үчтөн экисин соттор, үчтөн бирин президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан