"Өлтүрүп туруп карматып коюшту". Бишкекте тиш доктурга барган 3 жаштагы кыз чарчап калды

Бишкек шаарындагы стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калган окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу кечээ, 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул ишти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеке көзөмөлүнө алды. Мын улам клиника убактылуу жабылганы, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.


Наристенин өлүмү тууралуу маалымат адвокат Канат Хасанов 21-декабрда Facebook аркылуу түз эфир уюштургандан кийин билинип, талкууга түшкөн. Адвокаттын видеосунда наристенин атасы, чоң энеси сүйлөгөн. Алар баланын өлүмү үчүн дарыгерлерди айыптап, жазага тартууну бийлик өкүлдөрүнөн суранышкан.
"Неберемди өлтүрүп туруп, карматып коюшту. Денесинин баарында ийненин тактары бар экен" - деди кыздын чоң апасы.

Каза болгон наристенин атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганы, алар кичинекей кызга "Севарон" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкен. Бирок ага ийне сайышканы, наристе ошол бойдон ойгонбой калганы кошумчаланды.
Тишти тазалоодо бардык процедуранын баасы 106 миң сомду түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан