Камчыбек Ташиев Улуттук банкты күрөөканалардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырды

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында Камчыбек Ташиев өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүн текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койгон.

"Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланат. Алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгын белгилеген. Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30 пайыздан ашырбоосу керектигин билгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле УКМК башчысы талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан