Жогорку Кеӊеш вейпке жана электрондук сигареттерге тыюу салууну көздөп турат. «Антивейпчи» демилгечилер жеке жактарга 1 миӊ сомго чейин айып салууну сунуштап жатат. Вейпке жана «электрондук» чылымга тыюу салгысы келгендер бул кадамын калктын ден соолугун вейптердин жана электрондук сигареттердин таасиринен сактоо максаты менен түшүндүрөт.
Бирок ушул эле жакшы ниеттер тозокко карай төшөлгөн жол болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, «Коркутуу ишин баштоодон мурда аны дайыма жүргүзө аларыӊды ойлон» деген эӊ жөнөкөй эреже бар. Башкалар сыяктуу эле бул мыйзамдын аткарылышын камсыздоо үчүн акча керек. Ошондуктан дароо эле «ушул тыюу салуу кандай аткарылат?» деген суроо келип чыгат.
Эӊ биринчи кезекте Кыргызстандын Казакстан менен чек арасы 1212 чакырымды, ал эми Кытай менен чек арасы 1063 чакырымды түзөрүн эске салгыбыз келет, андыктан бул продукция Кыргызстанга мыйзамдуу келип түшөт. Тыюу салуудан кийин ушул эле өлкөлөрдөн мындай өнүмдөр жашыруун жолдор менен келе берери анык – бирок анда сапаты төмөн контрабандалык продукция ташылып калат. Контрабандага ишенимдүү тосмо коюу үчүн адамдар жана техникалык каражаттар зарыл, алар дагы көп акча турат. Бирок ушундай болгон учурда да контрабандага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт деген шектенүү бар. Анткени Кыргызстанда колу таза эмес бажы жана салык кызматкерлери дагы деле жетиштүү деген божомол айтылып жүрөт.
Кийинки суроо: Кыргызстандын бюджети жыл сайын эӊ аз дегенде 200 миллион сомдун түшпөй калышын көтөрө алабы? КР экономика министринин орун басары Искендер Асылкуловдун сөзү боюнча, өткөн жылы так ушунча салык электрондук сигареттердин импортунан эле жыйналган. Эгерде тыюу салынса вейптер жана «электрондук» чылымдар акырын көмүскөгө өтүп кетет, ал эми Казакстан, Россия жана Кытайдын экономикасы мурдагыдай эле байый берет. Кыргыз Республикасы гана мындан эч нерсе албай калат. Мында айрыкча Кыргызстанда 2022-жылдан электрондук сигарет өндүрүүгө тыюу салынганын эске салсак болот. Айып салуу салыктык түшүүлөрдү көбөйтө албайт. КРнын ИИМинин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери милиция жашы жете электерге вейп сатуу боюнча 2009 протокол түзгөн жана айып пулдун көлөмү болгону 2 миллион сомго жеткен.
Албетте сөз жок, 1 миӊ эмес, 5 миӊ, атүгүл 10 миӊ сомго айып пул салууга болот. Бирок үйүндө «вейп» чеккендерди кантип көзөмөлдөй алат – бул жагы таптакыр түшүнүксүз болуп жатат. Ушундай «баштапкы позицияларда» вейптер менен «электрондук» чылымга тыюу салуу мамлекетке азыркы абалга караганда алда канча кымбат түшүшү мүмкүн.
Коӊшулаш Казакстанда да ушундай тыюу салууга аракеттер жүрүүдө. Бирок коомдук активисттер быйыл 18-майда натыйжасыз тыюу салууларга каршы электрондук петиция түзүштү, анын арасына вейпке тыюу салуу да бар. Алгачкы үч жумада петиция 50 миӊ кол топтоду, ал эми августтун аягында 100 миӊ киши катталган. Казакстандык коомдук активисттердин пикири боюнча, вейпке тыюу салуу керектөөчүлөрдү толук тамекиге өтүүгө мажбур кылат, ал эми бул көйгөй окшоштугу менен Кыргызстан үчүн да актуалдуу болуп саналат. Алардын божомолу боюнча, тыюу салуудан кийин бизнес көмүскөгө өтүп кетет, мамлекет салык албай, саламаттыкты сактоо максаттары ишке ашпай калат.
Казакстандагы вейп сатуучулар жана өндүрүүчүлөр, вейпке толук тыюу салуу - контрабандалык жана контрафакт өнүмдөрдүн келип чыгышын пайда кылат деп чочулашат. Тажрыйба көрсөткөндөй, адамдын ден соолугу үчүн алар алда канча коркунучтуу келет. Коомдук активисттердин айтымында, азыр Казакстанда көмүскө вейп сатуу рыногу 75 пайызга чейин жетет. Так ушундай көлөмдөгү товарлар казакстандык рынокко эч кандай сертификаты жок келип жатат.
Албетте вейптерди жана электрондук чылымдарды мыйзамдуу соодалаган жактар жашы жете электерге сатууга тыюу салууну катуу талап кылат. Бул эл аралык түзүмдөрдүн максаттарына дал келет. 2021-жылы «Глобалдык тамеки эпидемиясы жөнүндө» ДССУ баяндамасы чыккан.
«Никотинди жеткирүүнүн электрондук каражаттары көп учурда балдарга жана өспүрүмдөргө тамекиге жана аларга байланышкан ишканалар тарабынан сатылат, бул үчүн алар миӊдеген кызыктыруучу жыттарды жана өз өнүмү жөнүндө адашууга алып келген билдирүүлөрдү пайдаланат», - деп ДССУ баяндамасында айтылат.
Ал документтер никотинди жеткирүүнүн электрондук каражаттарын сатууга (НЖЭС) жалпы калкы 2,4 млрд адамды түзгөн дүйнөнүн 32 мамлекети тыюу саларын көрсөтөт. Калкынын саны 3,2 млрд адамды түзгөн дагы 79 мамлекет – аларды жүгүртүүнү жөнгө салуу үчүн ар түрдүү мыйзамдык чараларды кабыл алган. Башкача айтканда, вейптерди жабык коомдук жайларда жана коомдук унааларда пайдаланууга тыюу салынган. Мындан тышкары, таӊгактын тышында анын ден соолукка зыяндуулугу жөнүндө эскертүү болушу керек жана НЖЭСти жарнамалоого тыюу салынат. Ал эми дүйнөнүн 84 мамлекетинде НЖЭС колдонуу боюнча эч кандай чектөөлөр жок.
Эгерде Кыргызстандын ЕАЭБ боюнча союздаштары жөнүндө айтсак, мында НЖЭС карата мамиле ар кандай. Казакстанда сигарет, стик жана чылым чегүү үчүн суюктуктарды 21 жаштан ылдый жарандарга сатууга тыюу салынган. Армения 2022-жылы январдан тартып, сигареттер менен вейптерди дүкөндөрдө жана кафелерде жарнамалоого жана ачык көрсөтүүгө тыюу салган. Армения ошол эле жылы тамеки заттарынын бардык түрлөрүн жана алардын «ордун алмаштыруучу» каражаттарды соода түйүндөрүндө жана коомдук тамактануу жайларында гана эмес, мейманкалар менен жабык ишкер зоналарда колдонууга тыюу салган. Белоруссияда вейптер менен «электрондук» чылымдарды жашы жете электерге сатууга тыюу салынган. Россияда 2022-жылы вейпке тыюу салуу жөнүндө маселе каралган, бирок акырында 2023-жылдын 1-июнунан тартып жашы жете электерге сатууга тыюу салуу менен гана чектелишти.
Ал эми жакында соода тармагында патентти жоюу жана контролдук-кассалык аппараттарды киргизүүдөн улам Кыргызстандын бардык базарларында болуп өткөн соодагерлердин митингин эстен чыгарбаш керек. Анда президент, Министрлер кабинетинин башчысы жана УКМК төрагасына соодагерлердин алдына чыгууга туура келген. Вейптер менен «электрондук» чылымдарды сатууга тыюу салуу дагы ушундай митингдерге алып келиши мүмкүн. Соодагерлерде көптөн бери жогорку социалдык активдүүлүк жана ыкчамдык байкалат. Алар да кирешесиз калууга жөндөн жөн эле макул боло бербесе керек.
Андыктан жок жерден социалдык кризис жаратуу керекпи? Албетте кереги эмес. Жалпысынан азыркы кырдаал, мамлекетке жаӊы тыюу салууларды ойлоп табуунун ордуна колдонуудагы тыюуларды иштетүүгө мажбурлоо пайдалуу экенин көрсөтүп жатат. Эл аралык ченемдерди сактоо – бул жакшы. Бирок өзүбүздүн жарандардын кызыкчылыгы жөнүндө да унутпашыбыз керек.
Кыргызстандын кээ бир нерселерге тыюу салуу тажрыйбасы эч качан оӊ жыйынтык берген эмес. Мисалы Ысык-Көл аймагына пластик тыюу салынган учурду эстейли, азыр жагдай андан улам ишкерлер облустун аймагына көптөгөн азык-түлүк идиштерин алып кире албай калган абалга чейин жетти.
Айрым эл өкүлдөрү көтөрүп жаткан энергетиктерди (курамында кант бар суусундуктарды кошкондо) импорттоого жана сатып өткөрүүгө тыюу салуу боюнча демилгеге өзүнчө токтолууга болот. Анда келгиле, ден соолукка акырындап зыяны тие турган азык заттардын баарына: колага, пепсиге, балдар суусундуктарына жана башкаларга дароо эле бир тыюу киргизип салалы (кант, туз, тамеки, алкоголь жана башка заттар камтылгандардын баарына).