Бүгүн, 28-декабрда эстрада ырчысы, композитор Нурлан Насип президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров өзү тапшырды.
Ырчы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси болгон.
2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
Ал Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 1990-жылы туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебине кирген.
Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.
Эскерте кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин катышуусунда өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.