Ырчы Алмаз Шаадаев менен жубайы Алина наристе күтүүдө. Ырчы мындай жагымдуу жаңылыгы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Жаңы жылыңыздар менен. Ушул жылы ар бир үйдө наристе үнү жаңырсын", - деп жазган ырчы.
Кошумчалай кетсек, ырчы 2023-жылдын жай мезгилинде сүйүктүүсүнө баш кошкон.