"7 АТА" (Жети Ата) – муундардын ортосундагы байланышты бекемдейт

«Газпромнефть Азия» компаниясынын расмий өнөктөштүгү менен жакында өлкөнүн бардык экрандарына «7 АТА» (Жети Ата) тасмасы чыгат. 2024-жылдын алгачкы киносу.

Тасмада АКШда жашоону кыялданган таланттуу, бирок жалкоо ашпозчу Саматтын окуясы баяндалат. Ал ар кыл доордогу аталарынын рухтарына жолукканда, анын пландары бузулат. Алар чогуу укмуштуудай саякатка чыгышат, ал жерде Самат өзүнүн ата-теги, каада-салты жана чыныгы атасы менен таанышат.

Фильмдин режиссёру «Жарайт Сити» долбоору менен белгилүү болгон Элдияр Ешимбеков тасма кинотеатрларга барбагандар үчүн да кызыктуу болуп, алар дагы баалай турганын белгиледи.

«Черный Двор» сериалынын сценаристтеринин бири Шамиль Фаттахов «7 АТА» кыргыз киносу көрүүчүлөрдүн оюн өзгөртөт деп ырастайт. Ал « Кыргыз киносуна жаңы дем кошулганын» кошумчалады.

Тасмадагы берейин деген идея: Өткөнгө саресеп салуу - келечек жол ачуу! Фильм каада-салтты жана тарыхты урматтоого үндөйт.

Тасманы жаратуучулар «7 АТА» жылдын кинематографиялык окуясы болорун убада кылууда. «Газпромнефть Азия» менен бирге күлкү жана драмага толгон укмуштуу дүйнө менен таанышыңыз. Тасманын бет ачары 4-январда болот.

03.01.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан