Дааратканага түшүп кеткен наристени куткарган кызматкерге наам ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, улук лейтенант Бектур Шамшиев дааратканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган.
"Окуя 2023-жылдын 20-сентябрында Оштун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында орун алган. Жерине барган куткаруучулар даараткананын тешиги кичине болгондуктан, ыкчам түрдө атайы шайман менен калыңдыгы 30 сантиметр болгон бетон полун тешишкен. Ичине Шамшиев кирип наристени аман-эсен алып чыккан", - деп жазылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган эрдиги үчүн Бектур Шамшиевге 2023-жылдын 29-декабрь күнү кезексиз Капитан аскердик наамын ыйгарганы маалымдалат.