Бүгүн, 12-январда Катарда 4 жылда бир өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогу башталат.
Мелдештин ачылышында Катар менен Ливан курама командалары беттешет, оюн "Лусаил" стадионунда өтөт жана Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Азия Кубогунда жалпысынан 24 команда 6 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан курамасы Сауд Арабиясы, Таиланд жана Оман командалары менен "F" тайпасына жайгашкан. Алгачкы оюнун "Ак шумкарлар" 16-январда Таиландга каршы өткөрөт.
Кыргызстандын Азия Кубогундагы оюндары: 16-январь: Таиланд - Кыргызстан, "Абдулла бин Халиф" стадиону, Доха шаары (Катар);
21-январь: Кыргызстан - Сауд Арабиясы, "Ахмед бин Али" стадиону, Эр-Райян шаары (Катар);
25-январь: Кыргызстан - Оман, "Абдулла бин Халиф" стадиону, Доха шаары (Катар).