Депутат Эмил Жамгырчиев өзү УКМКга барып, сурак берип чыкты 

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн өз каалоосу менен УКМКга барып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз басып өтүү иши боюнча сурак берип чыкты. Аталган иштин тергөө амалдары соңуна чыгып калды. Жакынкы күндөрү материалдар сотко өтөт.

Эмил Жамгырчиев жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде коё берилди.

Эске салсак, 9-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган.

Ал эми 10-январда эл өкүлүнүн Ак үйдүн терезесинен секирип качкан видеосу тараган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында анын кармалбай турганын айтып, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан