Zagreb Open рейтингдик мелдеши: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open биринчи рейтингдик мелдешинин жарым финалына чыкты.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, алгач америкалык Адаго Диана Нвачукву менен кез келди. Тыныбекова атаандашын 4:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты. Чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргыз спортчусу атаандашы кытайлык Яру Вуну 6:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Тыныбекова орусиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыгуу укугуна ээ болду.

Жарым финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекованын атаандашы япониялык Сакура Мотоки болмокчу.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Айсулуу Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1 эсебинде жеңип, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан