"Тирүү келген баламды өлүк кылып коюшту". Бишкекте балдар ооруканасында 2 жашар бала чарчап калды

Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында эки жашар наристе каза болду. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 13-январында баланын апасы Кайыргүл милицияга кайрылып, медицина кызматкерлерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, дарыгерлер 2021-жылы төрөлгөн К.А. аттуу бөбөккө карата кесиптик милдеттерин начар аткаргандыктан бала чарчап калган. Ал уулунун дене табы көтөрүлгөндүктөн ооруканага кайрылганын, 2 сааттан кийин ага дарыгерлер баласы көз жумганын айтышканын кошумчалады.
"Келгенде эле өлүк болчу деп дарыгерлер тирүү барган баламды өлүк кылып коюшту. Мага акыйкатка жетүүгө жардам бериңиздер. Эртеңки күнү башкалар дагы дарыгерлердин шалаакылыгына туш болуп, азап чегүүсүн каалабайм. Балам 13-январь күнү эртең менен кышылдап баштады. Градусник койсом температурасы 37,8 экен. Тез жардамга чалсам бир сааттан кийин гана бара алабыз дешти. Ошондуктан такси чакырып, саат 14:30да №3 балдар ооруканасына кирип бардым. Дарыгер дароо кабыл алды. Бир нерсе жутуп алган жокпу деп рентгенге тартышты, баары таза чыкты. Анан жамбашына укол сайып, башка ооруканага барасыңар деп Тез жардам кызматын чакырышты. Балам улам агарып-көгөрүп жатат, кайдагы башка оорукана, азыр жардам бергиле деп сурандым. Анан ингаляция жасап, кислородго отургузушту, андан да жардам болгон жок. Дарыгер көрүп эле турду. Уулум көгөрүп, кайра агарып атты. Карап жаткан дарыгер “менин нөөмөтүм бүттү, башка карайт” деп кетип калды. Жаңы келген аял да кирип-чыгып жакшы караган жок. Жакшы көңүл бурулганда балам тирүү калат беле", - деди Кайыргүл.
Ал эми аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, дарыгерлер балага колдон келген жардамын көрсөткөн жана алар протокол боюнча иш алып барышкан.
Учурда факты Октябрь райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыркы тапта тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан