Бишкекте коомдук транспортто жол кире 30-январдан тартып кымбаттайт

Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жол киренин баасы 30-январдан тартып көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда шаардык кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы тариф боюнча токтом бүгүн шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, 15 күндөн кийин жол акысы коомдук транспорттун бардык түрүндө накталай - 20 сом, накталай эмес "Тулпар" картасы менен - 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин (Megapay) колдонуу менен - 11 сом болот.

Буга чейин мэриядан билдиришкендей, тарифтер 15-январдан тарта көтөрүлмөк. Бирок майрамдык эс алуу күндөрүнө жана тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга элегине байланыштуу жүргүнчүлөр мурдагы баа менен каттай беришет.

Азыр борбордо кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом.

Эскерте кетсек, жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоорун шаардык кеңеш былтыркы жылдын 27-декабрында кабыл алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан