"Бала аутизм оорусу менен жабыркайт". Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 5 жаштагы бала изделүүдө (видео)

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Мурас-Ордо конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын жоголгондугу тууралуу маалымат 14-январда саат 19:28 чамасында 112 кызматына түшкөн.

Аны издөөгө ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, түнү менен конуштагы үйлөрдүн короолорун, сарай жана ажатканаларды, конушка жакын көлмөнүн жээктерин карап чыгышкан.

Мындан сырткары издөө иштерине ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.

"5 жаштагы А.А. аутизм оорусу менен жабыркап келет. Учурда издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17 куткаруучусу жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан жеринде уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 5 жаштагы бала изделүүдө 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан