“Айт, Айт десе” жана “Темиров Live” интернет аянтчаларында массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда ИИМден билдиришти.
Маалымдалгандай, былтыркы жылдын 30-декабрында интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт Айт Десе» жана «Temirov Live» интернет-аянтчаларында жайгаштырылган массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылган.
Аталган факты каттоого алынып, Тергөө кызматы тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.
Ал эми ушул жылдын 12-январь күнү дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, «Айт, Айт Десе» жана «Temirov Live» аянтчаларында жарыяланган маалыматтарда массалык башаламандыктарга чакырыктарды камтыган белгилери бар деп аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, кечээ, 16-январда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тергөөнү кызыктырган маалыматтарды камтыган 162 буюм алынган.
ИИМдин Тергөө кызматына 1994 жылы туулган А.Т., 2001 жылы туулган Б.А., 1997 жылы туулган И.А., 1972 ж.т. С.С., 1993 жылы туулган Б.Ж., 1994 жылы туулган К.М., 1990 жылы туулган А.С., 1992 жылы туулган Т.М., 1991 жылы туулган Т.М. аттуу жарандар жеткирилген. Учурда алар менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.