Максат Садырбеков: “Көз-караштар өзгөрдү, сахнадан кетишим мүмкүн”

SUPER.KG медиа порталынын маек төрүндө бул жолу ырчы Максат Садырбеков конокто болду. Ал бизге маек берип жатып чыгармачылыктан акырындык менен алыстап баратканын, акыркы учурда жан дүйнөсүндө өзгөрүү болуп "Ислам" динин тереңирээк таанып жатканын баса белгилеп айтты.

"Мындан 2-3 жыл мурун жүрөгүм "Ислам" дүйнөсүнө өзүнөн-өзү ачылды. Ошондон баштап ишим жүрүшө баштады, жүрөгүм тынчтанды. Жакындарыма, апама, жубайыма, балдарыма, досторума болгон мамилем өзгөрдү", - дейт ырчы.

Ал соңку убакта жан дүйнөсү ырчылыкты эмес, футболду каалап жатканын белгиледи.

"Жүрөгүм спортко көбүрөөк тартып жатат. Акыркы күндөрү тойлор, ар кандай иш-чараларга чакырганда барбай калдым. Анткени, соңку кездери көп ыр да чыгарбай калдым. Эски ырдарым менен ырдап чыккым келбейт. Билбейм, балким сахнада бийлегендентартынып калдымбы? Ал эми спорттун ден соолукка пайдасы чоң. Азыр жашым 32де. Бирок көпчүлүгү мени жаш деп ойлошот. Мында албетте, спорттун салымы чоң", - дейт ырчы.

Андан сырткары мектепте, окуу жайда көпчүлүк аны байдын баласы деп ойлошконун жана бул ойлор балким, ачык түстө түрлөнүп кийинип жүргөнүмдөн улам болсо керек деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан