Пенсиянын топтомо бөлүгүн алуунун жолдору. Кимдер кандай учурда алса болот (тизме)

Социалдык фонд пенсиянын топтомо бөлүгүн кимдер кандай учурда ала аларын түшүндүрдү. Бул маалымат аталган фонддун расмий баракчасына жарыяланды.

Пенсиянын топтомо бөлүгү кандай учурда берилет:

1. Пенсия курагына жеткендер

  • Пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыккандар

  • Өлкөнүн чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

3. Мураскорлор

  • Эгер каза болгон жаран көзү тирүүсүндө камсыздандырылган болсо, анын эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

4. Аскер кызматкерлери

  • Аскер кызматкерлери 63 жашка чыгып, пенсия фондунун топтоо эсебинде каражаты болсо топтомо бөлүгүн ала алышат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербейт. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга тиешелүү.

5. Ипотекалык насыя алып жаткандар же алгандар

  • Ипотекалык насыя алган же алып жаткандар пенсиялык топтоо каражаттарын ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздар

  • Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

7. Оор дартка кабылгандар

  • Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан