"Жаңы кинобузду чыгарабыз". Актёр, режиссёр Бектемир Мамаюсупов 38 жашка толду

"Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аркылуу таанылган актёр, режиссёр Бектемир Мамаюсупов бүгүн, 18-январда 38 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо узаттык.

"Туулган күнүм жакын досторумдун курчоосунда башталды. Негизи өздүк майрамымды белгилебейм деле. Жакындарым менен болгон учурда жөн гана чай ичип коёбуз.

Көп жылдан бери кино тармагында продюсер болуп эмгектенип келе жатам. Жаңы тасма тартканбыз, жакын арада чыгат. Кандай тасма экени азырынча сыр болсун. Алдыда өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан мыкты фильмдерди чыгарабыз", - дейт ал.

Бектемир Мамаюсупов 1986-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Алгач, Бишкектеги №66 мектепте 7-класска чейин окуп, андан аркы билимин кыргыз-түрк лицейинде уланткан.

Окуусун аяктаган соң Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул жерден анын актёрлук шыгы ойгонуп, кызыгуусу арта баштайт.

"Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Баатырдын ролун ийине жеткире аткаргандыгы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган. 2019-жылы ал продюсерлик кылган "Шайлоо" тасмасы Лас-Вегастагы фестивалда мыкты деп табылган. Аталган тасма 7 эл аралык фестивалда байгеге ээ болгон.

Мындан тышкары ал "Дубалдагы издер", "Мекен", "Кыргызстанга кош келипсиз" тасмаларына продюсерлик, режиссёрлук кылган.

18-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан