"Манас" аэропорту былтыр сатып алган учактарын жакында алып келет

"Манас" эл аралык аэропорту былтыр сатып алган учактарын жакын арада алып келет, учурда алар модернизациялоодон өтүүдө. Бул тууралуу аталган аэропорттун директору Манас Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Канада мамлекетинде учак чыгаруучу авиакомпаниянын президенти менен жолугуп, учурда жүргүзүлүп жаткан аба кемелерин тууралоо иштери менен таанышкан.

"Канада мамлекетинин Калгари шаарында "Asman Airlines" авиакомпаниясынын жетекчиси менен биргеликте биздин 2 учакты модернизациялоодон өткөрүп жаткан "De Havilland Aircraft of Canada" учак чыгаруучу авиакомпаниянын президенти менен жолуктум.
Азыркы тапта учактарыбызга заманбап кычкылтек системаларын орнотуу иштери, мындан тышкары жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн орундуктар жана учактын сыртын биздин компаниянын брендине тууралоо иштери жүргүзүлүүдө. Анткени учактарды өзүбүздүн брендге тууралап жасалгалоо маркетингдик стратегиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Биздин бул бирдиктүү стиль биздин компанияны таанытууга чоң өбөлгө түзүп, уникалдуулугун жогорулатат", - деген Самидинов.
Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында "Манас" эл аралык аэропорту алгач ирет өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан