Бүгүн, 25-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Оманга каршы ойнойт.
Беттеш Доха шаарындагы "Абдулла бин Халиф" стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө жаңырат.
Белгилей кетсек, 16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Таиланд курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калган.
21-январда Кыргыз курамасы Сауд Арабияга дагы 2:0 эсебинде жеңилген.