"Ден соолуктун баркын сезе баштадым". Эл артисти Султан Каримов 65 жашка толду

Бүгүн, 25-январда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Достук" ансамблинин солисти Султан Каримов 65 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда, биринчилерден болуп небелери куттуктаганын, мындан улам кубанычы коюнуна батпай сүйүнүп жатканын билдирди.

"Туулган күндүк маанай түндө балдарымдын, неберелеримдин куттуктоосу менен башталды. Кудайга шүгүр, сүйүнүп, кубанычым коюнума батпай бөлүшүп жүрөм. Андан кийин таңдан баштап замандаштардан, жакындардан, кесиптешдерден, жоро-жолдоштордон жылуу сөздөрү менен куттуктоолор келип жатат. Учурдан пайдаланып бардыгына ыраазычылык билдирем. Негизи бул күндү артык деле көрбөйм, үй-бүлөм менен чакан эле белгилейм. Анткени бул күнү жашыңа жаш кошулуп, картаюуга бир кадам таштайт. Же адам улгайган сайын ушундай ойлонуп калат окшойсуң. Кандай курак болбосун эң башкысы жерибизди тынччылык, элибизди ынтымак байырлап, жаңырган жылыбыз токчулуктун, молчулуктун, жакшылыктын жылы болсун. Ар бирибиз ден соолукта бололу. Жаш өйдөлөп, ден соолуктун баркын сезе баштадым", - деди ал.

Султан Каримов акыркы эки күндө диабети көтөрүлгөндүктөн майрамдык күндү дарыгердин кароосунда болуу менен баштаганын, учурда ден соолугу жакшы экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2020-жылы ырчы кант диабети менен жабыркап, Түркиядан дарыланып келген.

Таза үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен далай ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаган Султан Каримов 1959-жылы Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган.

Аны өздүк көркөм чыгармачылык концерттердин биринде Чоро Кожомжаров байкап, ансамблге солист катары чакырган. Ошол убактан тартып Султан Каримовдун филармониянын сахнасында чыгармачылык жолу башталат. Чоро Кожомжаровдон кеткенден кийин "Ариет" жана башка топтордо ырдап, 50дөн ашык өлкөлөрдө кыргыздын ырын тартуулап кыдырып келген. Кыргыз, уйгур, англис, немис, француз, ооган, грузин, болгар, араб жана башка тилдерде эркин ырдай алат.

Султан Каримов көптөгөн сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. 2002-жылы Кореяда өткөн эл аралык фестивалда күмүш кубокко арзыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан