"Кино жаатында жаңы эмгектер жаралат". Актёр, режиссёр Бакыт Мукул 59га чыкты

Бүгүн, 25-январда куудул, актёр, режиссёр жана сценарист Бакыт Мукул 59 жашка чыкты. Ал өздүк майрамында иш үстүндө экенин жана бул күнгө анчейин маани бербестигин айтты.

"Таң атпай эле "Кыргыз Радиосу" түз эфирден туулган күнүм менен куттуктап ойготту. Андан соң дароо эле апам чалды, бири-бирибизди куттуктадык. Бир туугандарым, жакындарым каалоо-тилектерин айтып жатышат.

Туулган күнүмө өзгөчө деле маани бербейм. Байкабай, куттуктабай коюшса таарынбайм деле. Жаш кезде куттуктабай калды деп таарынчумун. Кийин бара-бара андай нерсе жоголот экен. Менде бул күндү чоң майрам кылып, дүңгүрөтүп кафе, ресторанда белгилемей жок", - дейт ал.

Ошондой эле алдыда кино жаатына багыт алып, жаңы эмгектерди жаратарын кошумчалады.

Бакыт Мукул 1965-жылы 25-январда Нарын районундагы Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Нарын театрынан баштап, Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык окууга тапшырып, билим алган. Андан соң Жаштар театрында, Чүй облустук театрында иштеп, 40ка чукул тасмада роль жараткан. Мындан сырткары, 50гө жакын ырдын жана 30дан ашык сатиранын автору. 2016-жылы декабрь айында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

"Атанын керээзи" тасмасын Дастан Жапар уулу менен биргеликте тартып режиссёрлук тушоосун кескен. Аталган тасма эл аралык фестивалдарда бир канча байгелерге татыган. Ал эми "Акыркы көч" тасмасы "Оскарга" талапкер болгонго жетишип, 2023-жылы өткөн Бишкек эл аралык кинофестивалында улуттук конкурстун башкы байгесин жеңген.

25-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан