"Ак шумкарлар" Азия Кубогундагы жүрүшүн токтотту

Бүгүн, 25-январда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Оман менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюндун 80-мүнөтүндө Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Жоэль Кожо гол киргизип, эсеп санын теңеди. Муну менен “Ак шумкарлар” өз тайпасында төртүнчү орунду камсыздап, Азия Кубогундагы жүрүшүн токтотту.

Беттеш Доха шаарындагы "Абдулла бин Халиф" стадионунда болуп өттү. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө жаңырган.

Эске салсак, 16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Таиланд курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми 22-январда Кыргыз курамасы Сауд Арабияга дагы 2:0 эсебинде жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан