"Жалпы он айып тагылды". 20 жылга соттолгон Азамат Эстебесовго чыккан сот өкүмү. Толук маалымат

Бүгүн, 26-январда мурдагы жубайы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесов 20 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү Чүйдүн Сокулук райондук соту чыгарды.

Сот отурумуна судья Таалайкүл Кадыркулова төрагалык кылды. Сот айыпталуучу Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп тапты.

Аны Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) 1-бөлүгү,

194-беренесинин (Турак жайдын кол тийбестигин бузуу) 2-бөлүгү,

130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) 2-бөлүгүнүн 1 (үй-бүлө мүчөсүнө карата), 10-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен), 3-бөлүгүнүн 2-пункту (эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса),

37—154-беренесинин (Зордуктоого аракет жасоо) 2-бөлүгүнүн 3 (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон), 4-пункттары (жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган),

37—122-беренесинин (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) 2-бөлүгүнүн ) 3 (алсыз абалдагы адамды же баланы), 7 (өзгөчө мыкаачылык менен) 8-пункттары (зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон) менен күнөөлүү деп таап 20 жылга эркинен ажыратты.

Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле аны мамлекетке 80 миң сом айып пул, жабырлануучуга моралдык жана материалдык компенсация катары 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирди.

Ал эми мурда жасалган кылмыш иши боюнча 139-берененин (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) 1-бөлүгү менен жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза дайындалган жок.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовго чыккан сот өкүмү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан