Аселдин адвокаты: "Өлтүрмөйүнчө өмүр бою соттобойт экен"

Бүгүн, 26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Ошондой эле аны мамлекетке 80 миң сом айып пул, жабырлануучуга моралдык жана материалдык компенсация катары 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирди.

Жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутова мыйзам боюнча судья бере ала турган эң максималдуу мөөнөт 20 жыл экендигин, кийинки инстанцияга кайрылар-кайрылбасын Асел жана анын жакындары менен кеңешкенден кийин белгилүү болорун билдирди.

"Бүгүнкү сот 20 жыл бергени менен ал бул жазаны толугу менен өтөп бүтпөйт. Азыркы учурда ал жаза мөөнөтүнүн 1,5 жылын отуруп койду десек болот. Бирок мыйзамда ушундай, судья бере ала турган эң максималдуу мөөнөт 20 жыл болчу. Сотту дагы күнөөлөй албайбыз. Мыйзамдан жазылгандан тышкары эч ким, эч кандай чечим кабыл ала албайт. Өмүр бою эркинен ажыратуу үчүн кишини өлтүрүш же зордукташ керек экен.

Биз моралдык-материалдык компенсация деп 10 миллион сомдон 20 миллион сураганбыз, бирок сот 2 миллион сом моралдык компенсация кесип берди. Бул боюнча апелляциялык арыз беришибиз мүмкүн. Кийинки кадамдар Аселдин өзү жана жакындары менен кеңешкенден кийин белгилүү болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаеванын апасы Тинатин Катаганова кызына алдыда дагы бир катар оор операция жасаларын, ал үчүн ири суммада каражат керек экенин айткан.

Асел Ногойбаевага жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерге каражат которсо болот:

МБанк - 0707 837 443 (Тариэль Ногойбаев) Аселдин байкеси

О! Деньги - 0707 837 443 (Тариэль Ногойбаев)

Асел Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан