Балыкчы шаарында окуучу кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Ошондой эле, аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон.
"Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына тапшырды.Учурда иш боюнча ыкчам түрдө тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү Башкы прокурордун контролунда турат", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Кыз жандандыруу бөлүмүндө.