Балыкчыдагы кырсык: Балыкчы ШИИБдин мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыяланды

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казакович издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кечээ, 26-январдагы Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы фактысы боюнча, шаардык прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 27-январда ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү.

"Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады. Издөөдө жүргөн Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына, Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052 телефондоруна кайрылыңыздар", - деп билдиришти УКМКдан.

Кечээ, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Кыз жандандыруу бөлүмүндө. Унааны Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бара жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан