Балыкчы ШИИБдин мурдагы жетекчиси Бектур Осмонбаев кармалды

Балыкчы шаарында окуучу кызды унаа менен сүзүп кетүү фактысынын негизинде Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып, ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Андан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүлөт.

Кечээ, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Кыз жандандыруу бөлүмүндө. Унааны Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бара жатканын жабырлануучу кыздын атасы айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан