Бүгүн, 29-январь күнү Кыргыз футболдук союзунун башчысы Медербек Сыдыков кызматтан кетти. Бул тууралуу футбол союздан кабарлашты.
Бүгүн КФСтин Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Отурумдун бекитилген күн тартибине ылайык, футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын 2023-жылкы Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгы тууралуу КФСтин президенти Медербек Сыдыков маалымат берди. Медербек Сыдыков курама команданын аталган турнирдеги жыйынтыгын эске алып, отставкага кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.
Президенттин билдирүүсүн эске алып, КФСтин коллегиалдуу аткаруу органы болгон Аткаруу комитет өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүү менен комитетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү чечимин кабыл алды.
"Бул чечим ата мекендик футболду өнүктүрүүнүн жаңы багытын аныктоого, ошондой эле КФСтин жетекчилигинин курамына жаңы адистерди тартуу зарылчылыгы менен негизделди", - деп жазылат билдирүүдө.
КФСтин президентинин ыйгарым укуктары, учурдагы Аткаруу комитетинин курамы сыяктуу эле, 2024-жылдын 19-февралында өтө турган КФСтин Кезексиз Конгресси өткөрүлгөнгө чейин өз күчүндө болот. Бул конгрессте КФСтин президенти жана Аткаруу комитети шайланат.
Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрь айында, ал эми Аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.