Эдил Байсалов Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" "Эксперт талдайт" программасында айтты.

“Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот”, - деген ал.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

“Эксперттер талдайт” программасында Садыр Жапаровдун мамлекетти башкарып турган үч жылда жасаган иштери, кетирилген кемчиликтери жана өлкөнүн экономикасы тууралуу талкуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан