"Дааватта жүрөт". "Кеңеш тобунун" ырчысы Мүзүр Мамбетов 47 жашка толду

Бүгүн, 30-январда "Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Мүзүр Мамбетов 47 жашка чыкты. Аны SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, жубайы Гүлмира Шарипова ырчы 4 айлык дааватка кеткенин, мындан улам жолдошунун өздүк майрамын социалдык баракчасы аркылуу гана куттуктай алгандыгын айтты.

"Бүгүн Кудайдын каалоосу менен Мүзүр 47 жашка толду. Өмүрү узун, ден соолугу чың болсун. Бүгүнкү күндө Аллахтын ыраазычылыгын издеп 4 айлык дааватта жүрөт. Кабыл болсун! Атабызды жакшы көрөбүз", - деди Гүлмира Шарипова.

Мүзүр Мамбетов 1977-жылы 30-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Маектеринин биринде "Балалыгым өтө кызыктуу өттү" деген ырчы бала кезинен музыкага кызыгып, ырчы болууну кыялданган. Жердеш агасы Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына таасирленген. Ушундан улам мектепти бүткөн соң, "Кеңеш" тобун түзгөн. 6-7-класстарда эле аккордеон тартып баштаган болочоктогу ырчы айылда майрамдарда дайыма ырдап жүрүп чоңойгон.

"Айылыбызда Чубак Сатаев, Тургуналы Нурматов деген агаларыбыз бар эле, ошолордон таасирленип ырдап, "звезда" болуп жүрчүмүн (күлүп). Үйдүн эң кенжеси болгондуктан эрке дагы, аны менен катар бардык жумушту мен кылчумун. Эл мени тойлорго, салтанаттарга чакырып жатып эле такшалтып, чоң сахнага аттантып коюшту", - деген ал.

Ошондой эл ал мындан туура 25 жыл мурун түзүлгөн "Кеңеш" тобу атасынын ысымынан аталганын кошумчалаган. Би­рок ар кандай көйгөйлөргө байланыштуу топ таркап кеткен. Бишкекке келип, кафелердин биринде иштеп чыгармачыл адамдар менен таанышып, тараган топту кайрадан түзүүгө киришкен. Элге алгач "Нике кайып" ыры менен таанылган.

"1998-жылы атам Кеңешбек каза болуп калгандан кийин, анын ысымына ыйгарып топ түзгөм. Айылдын балдарынан куралган бул топ 2 жылдай гана иштеди. Кийин 2008-жылы жубайым Гүлмира Шарипова менен кайрадан "Кеңеш" тобун түзүп, ырдай баштадык", - деген ырчы.

Эске салсак, Мүзүр Мамбетов жана анын жубайы Гүлмира Шариповадан түзүлгөн "Кеңеш" тобу "Кызыл гүл", "Нике кайып", "Карагат", "Сирень гүлү", "Ак жамгыр" жана башка репертуарлары менен элге белгилүү. Учурда түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап, өстүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан