Куудул Тынар Курбаналиев сахнадагы тамашасы үчүн элден кечирим сурады 

Куудул Тынар Курбаналиев сахнада айткан сөздөрү үчүн элден кечирим сурады. Анын видео кайрылуусу социалдык тармакка жүктөлдү.

Анда куудул адашпас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбой турганын айтып, тамашанын сценарийи Борончу Кудайбергеновго таандык экенин кошумчалаган.

Буга чейин сөз болуп жаткан тамашанын видеосу интернет желесине чыккан соң, коомчулук тарабынан катуу талкууга алынган. Алар куудулду динге тийишпей эле коюшса болмок экенин жазышкан.

"Урматтуу бир туугандар, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт. Ката кетирген болсок, баарыңыздардан башты ийип кечирим сурайбыз. Кудайым баарыбызды адашуудан сактасын", - деди ал.

Мындан сырткары, Борончу Кудайбергенов учурда умра сапарында жүргөнүн, келгенде өзү дагы кеңири маалымат бере турганын кошумчалаган.

Куудул Тынар Курбаналиев сахнадагы тамашасы үчүн кечирим сурады 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан